Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Жалал-Абаддык өрт өчүрүүчүлөр өнөр жай аймагында өрт кырсыгынын алдын алышты

Аймак
10 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
413
Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматы өзүнүн иш-болжомдоруна ылайык, Жалал-Абад шаарынын өнөр жай аймагында жайгашкан «Альфа Ойл» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык «Жалал-Абад» нефтебазасында өрттүк-тактикалык машыгууларын ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башкчысы, капитан Канатбек Карабеков билдирди.
Маалыматта айтылгандай, машыгууга №20 аскерлешкен өрткө каршы бөлүктүн 3 өрт өчүрүүчү жана №58 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн 1 авариялык-куткаруу автоунаалары катышкан. Машыгуунун планына ылайык, күйүүчү май ташыган автоунаага күйүүчү май куюу учурунда өрт чыгып, нефтебазанын 1 кызматкери жарат алган. Ал эми нефтебазанын калган кызматкерлери кырсык жөнүндө өрткө каршы кызматына кабар беришип, өрт өчүрүүчүлөр жетип келгенге чейин өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан.
-Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү автоунаалар жетип келип, өрттөнүп жаткан күйүүчү май ташыган автоунааны көбүк менен өчүрүү, өрт таркап кетүү коркунучу бар күйүүчү май сактоочу резервуарларды суу чачуу аркылуу муздатуу, жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча аракеттери көрүлдү, - дейт К. Карабеков.
Өрт-тактикалык машыгуунун жыйынтыгында машыгуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын жана Жалал-Аба шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн жетекчилиги машыгуунун өткөрүлүшүнө жогорку баа берди.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын өнөр жай аймагы шаар четинде жайгашып, ал жерде бир нече муңай иштетүүчү заводдор жана муңай сактоочу базалар жайгашкан.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.