Курс НБ на 22.10.2018 $69,3319 €79,8391

Жалал-абаддык окуучу патрулчулардын унаасын талкалады

Аймак
01 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
282
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуучу башкарууну жоготуп, унаа милиция кызматкерлеринин унаасын сүзүп токтогон.
Жол-транспорт кырсык 25-ноябрда саат 20:15 чамасында болгон. «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унааны 2004-жылы туулган С.А. башкарып бара жаткан. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Патрулдук милициянын кызматтык унаасын сүзүп алган окуучу Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде билим алат. Ал түнү ата-энесинен жашырынып унаасын айдап чыккан. Кызматтык автоунааны сүзүп алган окуучу унаасын таштап, качып кеткен. Маалыматтарга караганда, тергөөнүн жыйынтыгы менен келтирилген материалдык чыгым аныкталат деп жазды Турмуш басылмасы.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.