Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Жалал-Абаддагы областтык Барпы атындагы кыргыз драма театры 25-театралдык жаңы сезонун ачты (фоторепортаж)

Аймак
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
35
      Бүгүн, 9-ноябрда Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси жана маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү  салтанаттуу белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Салтанаттуу иш-чарага облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, жогорку жана атайын окуу жайларынын студенттери жана маданият менен искусствонун күйөрмандары катышты. Конокторго Барпы апыздын өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында театралдык постановка тартууланды.
    Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Барпы театрынын чыгармачыл эмгек жамаатын жана маданият тармагынын кызматкерлерин бүгүнкү кош майрамдары менен куттуктады. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков театрдын жана маданияттын бир катар чыгармачыл  инсандарын ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
     Сыйлык алгандардын катарында Кыргыз Республикасынын эл артисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеев баш болгон ондогон өнөр инсандары болушту.
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты өздөрүнүн 25-театралдык сезонун грузин элинин драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” аттуу комедиясынын премьерасын элге тартуулоо менен башташат.
 
    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу