Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Жалал-Абадда “Күзгү түшүм” жарменкеси өттү (фоторепортаж)

Аймак
15 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
30
Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Облустун борборунда өткөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарменксине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын дыйкандары менен фермерлери өстүрүп жетиштирген айыл чарба азык түлүктөрүнүн ондогон түрлөрү арзан баада сатыкка чыгарылды. “Ак төөнүн карды жарылган” күз айында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн “Түшүм майрамы” жарманкеси облустун борборунда жыл сайын өткөрүлүп келет.
     Жарманкени уюштуруп өткөрүүнүн демилгечилери ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты менен район-шаарлардын айыл чарба департаменттери болушту. Айыл аймактарынан келишкен фермерлер менен дыйкандар, жеке ишкерлер өздөрү өстүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүнън кеңири ассортиментин жарманкеге келген элге кеңири сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Облустун борборунда өткөн жарманкеге ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана район-шаарлардын жетекчилери катышты. “Түшүм майрамы” жарманкесинин ишине активдүү катышкан бир катар айыл аймактары менен жеке фермерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.
    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу