Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы жаштардын спорттук акциясы өттү

Аймак
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
961
 Кечээ Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  чакырыгы алдында жаштар арасында атайын спорттук акция өткөрүлдү.  Аталган акциянын катышуучулары болушкан жаштар марафонунун катышуучулары   айтылуу мисте токоюна курчалган «Жалал-Абад» санаториясынан баштап,  шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтына чейинки аралыкка марафондук чуркоо мелдешин өткөрүштү.  
     Жалал-Абад шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын стдуденттери катышкан 4,5 км. марафондук жарыш аягына чыккан соң шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтында акцияны өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Анда акциянын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы  Гулина Базаркулова акциянын өтүүсү менен жаштарды куттуктады.
Ал эми SPRING  долбоорунун координатору Аида Шамбетова туура тамактануунун мааниси тууралуу жаштарга кенен маалымат берди. Ачыгын айтканда, түйүлдүк  эненин боюна бүткөндөн тартып, ымыркай 2 жашка чыкканга чейинки мөөнөттө  наристелерди туура тамактандыруу боюнча болочок энелерге жана балдарын тарбиялап өстүрүп жатышкан энелерге ден соолугу  чың  наристелерди тарбиялап өстүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу кеп- кеңештер жана сунуштар  берилди. «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  спорттук акциясын өткөрүүгө  SPRIHG долбоору  өзүнүн демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.
     «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» акциясынын катышуучулары болушкан Жалал-Абад шаарындагы атайын жана ЖОЖдордун студенттери  4,5 км. марафондук чуркоо, аркан тартмай, жаздык урмай, колду бүгүп-түзөтүү, олтуруп турмай жана ордунан узундукка  секирүү  мелдештери боюнча күчтөрүн сынашты. Байгелүү орундарды камсыз кылышкан жаштарга атайын баалуу белектер тапшырылды.
 
   Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.