Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Жалал-Абадда “Аял жана маданият” аталышында областтык аялдар конференциясы болуп өттү(фоторепортаж)

Аймак
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
662
21-февралда Жалал-Абадда “2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Аял жана маданият” аталышындагы областтык аялдар конференциясы болуп өттү.  Анын ишине райондордогу акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, шаарлардын соцтармактарынын вице-мэрлери, райондук жана шаардык аялдар кеңештеринин төрайымдары, аялдар жетектеген маданият жана соцтармактардын жетекчилери жана аялдардын коомдук бирикмелеринин башчылары, ЖОЖдордун окутуучулары катышты. Областтык аялдар конференциясынын ишин Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.
        Областтык конференциянын башталышында жакында эле мандат алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Айнура Осмонованы өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов  конференциянын катышуучуларынын атынан кызуу куттуктап, гүл тапшырды.
  • Областтын коомдук турмушунун бардык тармактарында аялдардын активдүүлүгү жогорку көрсөткүчтү камсыз кылып келет. Алсак, өнөр жайында аялдардын катышы 8,9%, саламактыкты сактоодо 20,3%, билим берүүдө 51,1% жана мамлекеттик кызматтарда 4,9 % түзөт. Область боюнча ар түрдүү тармактарда иштеген жетекчи аялдардын саны 1958 болуп, 16% камсыз кылат. Жергиликтүү айылдык жана шаардык кеңештерде область боюнча 1552 депутат болсо, мунун ичинен аял депутаттардын саны болгону 144 адамды түзүп, 9,3 пайызды түзөт. Учурда областтагы 12 район-шаарлардын башчыларынын 11де  социалдык маселелер боюнча орун басарлары аялдар. Мындан сырткары областтагы 68 айыл аймактарынын башчыларынын  ичинен 3 айыл аймак башчылары аялдар болуп, 4,4 %ын гана түзөт. Элибизде “Аял—үйдүн куту” деген нускалуу сөз бар. Анын сыңарындай аялдар коомдук турмушубузду жакшыртуунун нускалуу башатына айланды десем жаңылбаймын. Гендердик тең салмактуулуктун сакталышы, улуттар арасында достук менен ынтымакчылыктын бекемделиши гана өлкөбүздүн ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги шарты болуп саналат,-деди өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов өз баяндамасында.
        Областтык конференциянын жүрүшүндө Аксы райондук аялдар кеңешинин төрайымы Изат Калыкова “Аял жана маданият” деген темада баяндама жасады.
  • Улуттук маданияттын өсүп өнүгүүсүндө аялдардын ролу өзгөчө чоң. “Аял дүйнөнү терметет” дегендей аялзаты үчүн бул чоң сыймык жана улуу милдет. Наристени тарбиялоо эне сүтү жана бешик ыры менен башталаарын унутпайлы,- деди Изат Калыкова.
       ЖАМУнун оуктуучусу Айгүл Дооронованын “Маданият, ыйман, адеп түшүнүгүнө илимий анализ” деген баяндамасы дагы абдан кызыктуу болду.
  • Чыгыштын улуу даанышманы Конфуций: “элдин же коомдун деңгээлин билгиң келсе, ошол элдин маданияты менен аялзатына жасаган мамилесинен бил” деген экен. Коомубузда аялдар канчалык зирек, зээндүү жана билимдүү   болсо ошол жерде сөзсүз өнүгүү болот,- деди Айгүл Дооронова.
     Ал эми Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева “Дени сак эне – дени сак улут” деген баяндамасында бир катар көйгөйлөрдү ортого салды.
  •  Аялдар менен жаш балдар арасында аз кандуулук, өспүрүм жаштар арасында аракечтик менен наркотикалык баңги заттарга азгырылуу абдан күчөп барууда. 2015-жылы 668 жаш энелер балдарын эмдөөдөн баш тартышса, 2016-жылы алардын саны 1188ге жетти. Бул маселе бир гана дарыгерлер менен энелерди ойлонтпостон, коомчулукту дагы түйшөлтүүсү зарыл. Ар бир адам жылына бир ирет медициналык кароодон өтүүсү нормага айлануусу мезгил талабы болуп олтурат,- деди дарыгер Гүлнара Маматалиева.
       Ал эми Жалал-Абад шаарындагы “Данакер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айжамал Тарыхчиева “Биз биргебиз” деген баяндамасында конференциянын катышуучуларынын көңүлүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселесине бурду. 2010-жылы республикабыз боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 125 миң болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 172 миңге жетти. Республика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын спартакиадасы бир гана биздин областта жыл сайын ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатат. Бул маселеде биз жергиликтүү бийликт өкүлдөрүнө терең ыраазыбыз.
       Аялдардын областтык конференциясында Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асылбекова, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин областтагы өкүлү,  Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеевдер кызыктуу жана даректүү баяндамаларды жасашты.
        Конференциянын ишине катышкан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Осмонова өзүнө берилген бир катар суроолорго жоопторду берди. Конференциянын соңунда анын катышуучулары атайын Резолюция кабыл алышты.
      Конференцияда аялдардын областтык кеңешинин төрайымы шайланды. Ага алгач  беш талапкердин ысымдары аталып, үчөө өз талапкерлигин алып коюшту. Ачык шайлоого Жалал-Абад шаарындагы балдардын психонервологиялык диспансеринин директору Дамира Алимжанова жана “Бактынур” продюссердик борборунун директору Нуркан Койчуманованын талапкерлиги коюлду. Ачык шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Дамира Алимжанова областтык аялдар кеңешинин төрайымы болуп шайланды.
 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.