Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды

Аймак
22 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
162

Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 21-декабрь күнү саат 16:18де аталган шаардын Чутская көчөсүнүн №15 дарегинде өрт тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 20-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.

“Өрттөн 12 чарчы метр жыгач сарай толугу менен күйгөн. Ошондой эле өрт Чутская көчөсүнүн №15А дарегиндеги барак тибиндеги турак үйдүн чатырына өткөн. Андан 6 чарчы метр чатыры жана Тешебаев көчөсүнүн №99А дарегиндеги турак үйдүн 18 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры кошо күйгөн”,-деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өрттүн келип чыккан себеби такталууда.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.