Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Жалал-Абад облусунда жумуш орундары көп түзүлүүдө

Аймак
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
621
Жалал-Абад шаарында быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине караганда көп жумуш орундары түзүлгөн. Мындай маалыматты  шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди. Анын маалыматына караганда,  шаарда он бир айдын ичинде  майда жана орто ишканалар ачылып, жумушчу орундары түзүлгөн. Өткөн жылы он бир айдын ичинде 14 миң 864 жумуш орундары болсо,  быйыл жумуш орундарынын саны 16 миң 256га жеткен. Эске салсак,  акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарында инфраструктуралык жакшыртуу долбоорлору активдүү ишке ашырылып, майда жана орто ишкердик чөйрөлөрүндө жандануу байкалууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.