Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Жайлоого бараткан уйларды жүк ташуучу унаа сүзүп өлтүрдү

Аймак
14 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
46
Боом капчыгайынын кире беришиндеги унаа жолдо өлгөн уйлар жатат. Окуяны күбөлөрдүн бири кечээ 13-июнда тасмага тартып алган. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын АКИpress маалымат агенттигине берген маалыматына караганда, бодо малды Ысык-Көл облусунан Бишкекти көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Айдоочу унаанын тормозун басууга жетишпей калган. Ал эми уйларды чабан жайлоого айдап бара жаткан.

Учурда жүк ташуучу унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми өлгөн бодо малдардын так саны азырынча белгисиз.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу