Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна эки тез жардам унаасын белек кылды (фото)

Аймак
15 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
284
Унаалар бүгүн 15-февралда Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун чектешкен аймагындагы Өзбекстандын Вадил чек ара өткөрмө бекети менен Кыргызстандын Кадамжай автоунаа көзөмөлдөп өткөрүү бекетинин жанында салтанаттуу тапшырылды.
Салтанатка КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Өзбекстандын Фергана облусунун  хокими Шухрат Ганиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакал ата- апалар баштаган жергиликтүү калк катышты.
Өзбек элинен белек катары берилген унаалар эки элдин ынтымагынын, достугунун урматына экендигин белгилеген Шухрат Ганиев, Абиш Халмурзаевге унаалардын ачкычын салтанаттуу тапшырды.
Абиш Халмурзаев да сый урматы үчүн өзбек элине жана кесиптеши Шухрат Ганиевге ыраазычылык билдирип, эки тарап бири бирин улуттук кийимдер менен сыйлашты.
Тез жардам унааларынын бири  Баткен шаарын калкын тейлөө үчүн берилсе, экинчиси  Кадамжай районунун   Жаңы-Жер  жалпы дарыгерлер практикалык борборуна берилди.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.