Курс НБ на 14.08.2018 $68,9600 €78,4972

Өзбекстандан келген делегация Оштогу курулуштар менен таанышты

Аймак
14 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
148
 Ош шаарына Кыргызстандын экономика министри А. Новиков жана Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баштаган делегация жумуш сапары менен келди.
Жумуш сапардын алкагында, Кыргызстандын экономика министри А.Новиков, Ош шаарынын мэри  А.адырбаев жана делегациянын мүчөлөрү шаардагы Алишер Навоинин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.
Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын каржылоосу менен курулуп жаткан А.Навои атындагы мектебине кошумча 630 орундуу окуу корпусунун курулуш иштери мене таанышты.
Андан соң жашылча-жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун, автоунаа кураштыруучу “Эстакада автоборборунун”, пластик жана алюминий эшик-терезелерди чыгарган “Имзо ЛТД” фирмасынын ишмердүүлүгүн көрүп чыгышты.
 Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.