Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Зардалыда бейтапкана ачылды

Аймак
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
608
Баткен районунун алыскы Зардалы айылында жаңыдан курулган ФАП бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Айылдык чакан бейтапкананын курулушуна бейөкмөт уюмдар 2 млн. сомго жакын каражат берген. Ал эми айыл өкмөтү эмеректерге 68 миң сом бөлдү.  Андан сырткары, ФАП райондук  Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан медициналык аппараттар менен камсыздалды. Буга чейин айылда оорукана жок болгондуктан район борборуна жетпей ара жолдо көз жарган, өлүмгө дуушар болгон жагдайлар болуп келген.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.