Курс НБ на 19.12.2018 $69,8317 €79,3952

Замирбек Осмонов Баткен облусуна иш сапары менен келип, тийиштүү кызматтын жетекчилери менен жолукту

Аймак
19 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
200
Жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев да катышып, облустун аймагындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү аракеттеринин жыйынтыктары боюнча маалымат алышты.
Жыйын үстүбүздөгү жылдын  8-февралында Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында коюлган тапшырмалар жана кабыл  алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Максат, Баткен облусунун аймагынан Тажикстанга жана үчүнчү мамлекеттерге  аткезчилик жол менен өтүп жаткан күйүүчү жана майлоочу майларды аныктоо, ооздуктоо чараларын уюштуруу.
Замирбек Осмонов тийиштүү кызматтардын аймактагы өкүлдөрүнө кайрылып, өзгөчө Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен  Арка аймагына барып жаткан  күйүүчү майлардын  документтерин текшерүүнү, сатылганын,  салыгы төлөнгөндүгүн иликтөөнүн үстүндө дыкат иштеп,  комплекстүү жыйынтык бере турган иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.
  Абиш Халмурзаев өз сөзүндө Эл аралык деңгээлдеги жолдорду курууга, республикалык бюджеттен  өтө чоң каражаттар бөлүнүп жаткандыгын, бирок ошол эле учурда оор жүк ташуучу унаалар белгиленген нормадан ашыкча жүк ташып, жолдорубузду талкалап жаткандыгын белгиледи. Бул боюнча Салмак -тыш өлчөм көзөмөлдөө департаментине тапшырмаларды берди. 
Жыйын соңунда аткезчиликке бөгөт коюу боюнча катуу чараларды кыска мөөнөттүн ичинде көрүп, иш алып баруу тапшырмалары коюлду.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.