Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Заманбап соода борбору ачылды

Аймак
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
587
Нарын шаарынын соода жайлары кезектеги жаңы соода борбору менен толукталды. Шаардын Сагынбай Орозбак уулу жана С.Андабеков көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган «Мегакомфорт» дүкөнүнүн ачылыш шааниси 17-декабрь күнү болуп өттү.
-Чындыгында бул күндү биз чыдамсыздык менен күткөнбүз. Анткени биздин Нарын шаарында деле ушундай бардык шарттагы соода жайлар курулса деп ойлочумун. Себеби өсүп өнүгүшүбүз керек да. Башка мамлекеттерде эл заманбап соода жайлардан соода кылышат эмеспи. Эми 60 орун негизи бардыгы өз ээлерин табышты. Жер төлөсүнөн болсо курулуш материалдар сатылат. Жер-жемиш саткандар өзүнчө ыңгайлуу жерден орун алышмакчы. Экинчиден бул соода жайы кечки саат 20-00гө чейин иштей берет. Себеби шарт бар,-деп билдирди «Мегакомфорт» соода борборунун деректири Чынара Асанова айым.
 -Биз 3 айдан бери бул жерде соода кылып жатабыз. Чынында комфорт дегендей эле дүкөн болуптур. Жылуу, таза, айтор соода кылганга абдан ыщгайлуу. Негизгиси товарлардын өңү өчпөйт, кирдебейт. Эң башкысы өзүбүз үчүн толук шарт түзүлдү. Нарындын кышкы суугунда сыртта бутту тепкилеп туруп ден соолукту карабай жатпайбызбы. Бул жерде өзүңөр көрүп тургандай чечинип коюп олтурабыз,-дешти бир катар соодагерлер.
 Жалпысы 2400 чарчы метр аянтты ээлеген соода борбордун ачылыш аземине облустук, шаардык бийликтердин өкүлдөрү, коомчулук күбө болушту.
 
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.