Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Ысык-көлдүк мугалим буту баспаган 12 жаштагы окуучусуна араба белек кылды

Аймак
20 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
124
Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев орто мектебинин мугалими Зардыкан Төлөмүшова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучусуна майыптардын арабасын белек кылды деп жаздыTurmush басылмасынын аймактык кабарчысы.
«Мен Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинин 5-классынын жетекчиси болуп эмгектенем. Классымда мүмкүнчүлүгү чектелген окуучум бар. Ал 2006-жылы төрөлгөн. Мектепке жаңы киргенде ден соолугу жакшы эле болчу. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен. 2015-жылы жай мезгилинде ойноп жатканда сокмо тамдын урандысы белине кулап түшүп, жүлүнгө доо кеткен экен. Анын кесепетинен баланын эки буту баспай калды.
Өзүм аларга табият таануудан сабак берем жана класс жетекчиси катары жумасына эки жолу сабак өтөм. Анын арабасы сынып калганын көрүп, үй-бүлөм менен кеңешип, 16 миң сомго араба алып бердик. Мындан сырткары, дары-дармектерине деп Бөкөнбаев айылындагы дүкөндөрдөн кайрымдуулукка акча чогултуп, 24 миң сомго дарысын алып бердик», - деди З.Төлөмүшова.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.