
Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Ысык-Көлдө жер титиреди
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда, бүгүн 09:03дө Сейсмология институтунун Сейсмология станциясы очогунда 2-2,5 баллга жеткен жер титирөөнү каттаган. Жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан түштүк тарапка карай 10 км, Шор-Булак айылынан түштүк-батышка карай 18 км, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай 30 км аралыкта жайгашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор катталган эмес.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек