Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Ысык-Көлдө чехиялык үй-бүлө бараткан унаа оодарылып кетти

Аймак
13 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
27
Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыктан Чехиядан келген үй-бүлө жабыр тартты. Бул маалыматты облустук ЖКККдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 10-июлда саат 14:00 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 91-чакырымында тактап айтканда Бөкөнбаев жана Тоң айылдарынын ортосунда болгон.

Маалым болгондой, Прага шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Ш.Юрий «Travel Land» (Бишкек) туристтик компаниясынан «Ниссан Икстерра» (мамлекеттик номуру 01KG 677 АСО) унаасын ижарага алган.

Бул унаада ал жубайы — 1972-жылы туулган Ш.Анна, кызы — 2003-жылы туулган Ш.Жанна менен Каракол шаарына келишкен. Ал жактан чыгып, тескей жээк менен Нарын облусунун Жумгал району багыты көздөй кетип бара жатышкан.

Айдоочу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Жеңил жараат алган үй-бүлө мүчөлөрү Тоң райондук оорукана жеткирилген.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу