Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Ысык-Көл облусу коопсуз аймак болот

Аймак
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
618
Ысык-Көл облусунун аймагында кылмыштуулукту жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн “Ысык-Көл коопсуз аймак” долбоору ишке киришет. Мындай маалыматты  Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Октябрь Урманбетов билдирди. Анын  билдиргенине караганда облуста  11 жерге видео көзөмөлдөөчү камералар орнотуу пландалууда.  Ага 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү керек. “Ысык-Көл туристик аймак болгондугуна байланыштуу  тургундар менен катар облуска келген коноктордун да коопсуздугун көзөмөлгө алышыбыз керек. Бул багытта биз коопсуз аймак долбоорун иштеп жатабыз. Ошондой эле, тартип бузгандарга айып салынса, облус бюджетине салык түшөт”- деп билдирет  О.Урманбетов
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.