Курс НБ на 22.01.2018 $69,3433 €84,8901

Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Жоробеков Нурбек Абдуназарович: “Абасы, суусу башкача таза, суунун башталышы- биздин Олуя-Атабыз”

Аймак
22 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
56
- Нурбек мырза,эмне үчүн айыл аймагы Ынтымак аталып калган?
-Биздин Ынтымак айыл өкмөтү Ноокат районундагы башка аймактардан абасынын тазалыгы, көк кашка суусунун дарылыгы жана суунун башаты Олуя-Атада  экендиги менен айырмаланат. Суунун  киши организмине  бай минералдары жана тазалыгы боюнча да алдыңкы орунда турат. Айылдын аймагын ак карлуу тоолор курчап, табиятынын кооздугу, тоолорундагы жапайы жаныбарларынын көптүгү, элинин ынтымактуулугу, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдигинен улам илгертеден бери Ынтымак аталып келет. Союз кезинде Кулатов атындагы совхоз болгон. Ошол мезгилде деле  эли ынтымактуу деп башкалар суктанчу экен. Бизде элге эмгеги сиңген, учурунда чоң кызматтарда иштеп, коомдук иштердер бай тажрыйбага ээ болгон, райондук партиялык комитетти жетектеген 95 жаштагы Гулматов Ураим, Кулатов совхозун жетектеген Саитов Эсеналы (көзү өтүп кетти) деген чоң аталарыбыздын таасири чоң. Алардын айтканынан чыкпай, акыл-насаатын угуп, айрым иштерде кеңешин алып турабыз. ”Карысы бардын, ырысы бар” дегендей, акылга бай аталардын өрнөгүн улантабыз деген ойдомун.
- Жеринин шарты, дыйканчылыктын түшүмдүүлүгү кандай. Райондон кыйла алыскы аймакка инвестицияны кантип тартууга болот?
-Жер шарты орто нымдуу, дыйканчылыктан буудай, арпа, өстүрөбүз. Мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн. Жери суулуу, жан башына 6 сотыхтан жер берилген,ал эми кайрак жерден 8 сотыхтан тийген. Калктын саны 9128, ал эми 1508 кожолук бар. Ички  миграциянын таасири байкалбай койбойт. Жаштардын көпчүлүгү Россияга, Казакстанга жана башка жактарга  иштегени кеткен. Айыл өкмөт башчысы болуп шайланганымдан кийин Ынтымак айылынын бүт көйгөйү, кубаныч-кайгысы өзүмдүкүндөй болуп туюлду. Айыл жеринде чечилүүнү талап кылган бир топ маданий-социалдык маселелерибиз бар. Айыл аймагынын бюджетин көтөрүп, экономикасын жогорулатуу менен дотациядан чыгарууну башкы максатым деп эсептейм. Эң биринчи ишим  айыл өкмөтүнүн имараты абдан эскиргендиктен, эшик алдын иретке келтирип тазалап, чөп-чардан арылтып, тосмолорду куруп, гүл эктирип дегендей кирген кишиге, мында иштегендерге аз да болсо жагымдуу болсун дедим. Акча каражаты табылса эле, капиталдык ремонтко берели деп турабыз. Айыл өкмөтүнүн бюджети 10 млн сом, эч нерсеге жетпейт. Андыктан, ички резервдерди карап чыгып, жеке ишкерлерди тартып, элдин демилгесине таянып, АРИС, ЮНЕСКО, ПРООН, Ага хан фонду сыяктуу эл аралык уюмдар менен иштешип, инвестиция тартып жатабыз.
2014-жылы айылдык  кеңештин сессиясында  цемонт заводдун курууга 60 га жер ажыратылып берилген. Сырьенун негизгилери  кум, таш, топурак ж.б өзүбүздөн чыгат.Эгер инвесторлор табылып калса эле, долбоорду ишке киргизгени жатабыз. Мектеп жашындагы жана кичи курактагы балдарды тамекиден четтетүү долбоору менен кол өнөрчүлүгүнө үйрөтүү, аны өркүндөтүү максатында мектептерде  тигүү цехин ачканбыз. Айылдын балдары эгер  жогорку окуу жайларына окубай калса, иш менен камсыз болсун деген максатта мектептен эле бир өнөргө үйрөнүп чыгат. Жеке ишкерлерге сунуш берип, элди тамак-ашык, азык-түлүктөр менен камсыздоо максатында “Ынтымак кичи маркеттин” ачтык.Айыл аймагыбыз 8 айылдан турат. Эң четки айылыбыз Беш-Бурхан айылы.Бир убакта күркүрөп, көмүр казылып турган болчу, азыр жабылып калды. Ушуну кайра иштетүүнүн жолун ойлонуштуруп жатабыз. Өнөр жайын өнүктүрүү -айыл өкмөтүбүздүн эң бир приоритеттүү багытынын бири болуп саналат. Быйылкы жылы 5 км жолду ремонтодук, Т.Кулатов орто мектебинин жылытуу тармагын  оңдоп бердик.
-Жаш жеткинчектерге көңүл буруу,балдар бакчаларынын материалдык-техникалык абалы кандай?
-Биздеги “Бүчүр гүл” мектепке чейин билим берүү мекемеси 2009-жылдан бери иштейт. Андагы 2 тайпада 60тан ашуун бала тарбияланат. 14 кызматкер иш менен камсыз болгон. Ата-энелер аблдарынын тамак-ашына  айына 450 сомдон төлөшөт. Айыл өкмөттүн бюджетинен ар бир балага 9 сомдон каралган. Бала бакчасынын бир күндүк тамагы 29 сомго туура келет. Тамак-ашка жарыяланган тендерде  Мамажанов.А  чакан ишканасы  утуп алган,азыркы күндө  тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыздап келе жатат. Бакчанын жылытуу системасы көмүр менен болгондуктан, өкмөттөн 25 тонна көмүргө  75 миң сом берилди. Кышында жылуулук менен камсыздалды. Айылдагы башка балдар бакчаларына да ушундай эле абал, балдар биздин келечегибиз болгондуктан, ар дайым көңүл борборунда болот.
Алыскы  айыл өкмөтүнүн канторасында эч бир жерде кездешпеген, болгондо да айыл өкмөт башчынын кабинетинде  лимон дарагы өсүп (атайын  топуракка тосмо жасап, түбүнө гүл отургузуп коюшкан) турганын, терезедеги гүлдөрдү көрүп, көңүл көтөрүлдү.
Ризван Исмаилова

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу