Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Япониялык Терада Та Тсуо үй-бүлөсү менен Таласта жашап жатат

Аймак
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
604
53 жаштагы Терада Та Тсуо Талас шаарында жапон тилинен сабак берет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.
Анын айтымында, Япониянын Такефу шаарында туулган. 1983-жылы Токио шаарындагы Кейо университетинин англис тили бөлүмүнө тапшырган. Окууну аяктаган соң 10 жылдан ашык убакыт Японияда мектепте англис тили мугалими болуп эмгектенген. Жапон, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Кыргызстанга биринчи жолу 16 жыл мурда келген.
«Кыргызстан таза абасы, элинин сыйчылдыгы менен мага абдан жаккан. Үй-бүлөм менен кеңешип, 8 жыл мурда Таласка келип, жумушка орноштум. Учурда балдарга билим берүү борборунда жапон тилинен сабак берем. 1 кыз, 1 балам бар. Азыркы учурда үй-бүлөбүз менен бирге кыргыз тилин үйрөнүп жатабыз», - деди ал.
Жапон мугалимдин баласы 14, кызы 9 жашта.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.