Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Вице-премьер-министр Нарын облусуна барды

Аймак
06 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
96
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.  Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө аймакты 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер тууралуу маалымат берилди. «Өткөн жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү оң динамикага чыкты.  Республиканын ИДПсы 2018-жылы 3,5%га өсүп, 557,1 млрд сомду түздү. Ошону менен катар бир катар келечектүү иштер башталды. Алардын ичинде: фискалдаштыруу жана бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү, бизнес-омбудсмен. Отчеттук мезгилде «Кумтөр» кенинен ашыкча киреше алууга жетиштик. «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндө өлкө Президентинин Жарлыгынын алкагында аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иштер улантылууда. «Түндүк» электрондук системасына, санариптештирүүгө, «Коопсуз шаар» долбооруна, электрондук фискалдаштырууга, соттук-укуктук реформага жана социалдык чөйрөнү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түздү, 2019-2023-жылдарга карата туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы бекитилди», – деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу