Курс НБ на 18.06.2018 $68,3068 €79,1608

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: “Аймактарга инвестиция тартуу зарыл”

Аймак
07 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
17
Талас облусуна сапардын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аймакта жашоону жакшыртуу жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. «Өкмөттүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү өз аймагынын брендин алып чыгуу менен алектениши керек, анткени, ар бир аймак кайталангыс жери менен өзгөчөлөнүп турат, аларды туристтерди жана инвестицияларды тартуу менен алга жылдыруу абзел», – деди Алтынай Өмүрбекова жана Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аталган маселени иштеп чыгууну тапшырды. Мындан тышкары, жумушчу сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жайгашкан Теодор Герцен атындагы көркөм музейге, Талас жана Манас райондорундагы балдар бакчасынын, Кара-Буура районундагы «Семетей» кинотеатрынын жана башка бир катар объектилердин абалы менен таанышты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу