Курс НБ на 21.05.2019 $69,8500 €77,9212

Төрага Ленинполь айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Аймак
05 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
64
4-апрелде Жогорку Кеңештин  төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ленинполь айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда аталган айыл аймагына тиешелүү бир катар маселелер көтөрүлдү.  Айрыкча, таза суу жетишсиздиги, жолдордун абалы, мектептер менен бала бакчалардын курулушу тууралуу сөз болду.   Бардык айтылган маселелердин чечилишин өз көзөмөлүнө аларын айткан Төрага Дастанбек Жумабеков: “Азыркы тапта аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бүгүн айтылган көйгөйлөр өлкөдөгү бардык аймактарга тиешелүү. Андыктан, жер-жерлердеги маселелердин чечилишинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын да ролу жогору. Баарыбыз биргелешип аракет кылсак, көп иштерди жасай алабыз”, – деди ал.

Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу