Курс НБ на 21.02.2018 $68,1121 €83,8835

Тогуз-Тородо нааразы болгон эл тынчтык митингине чыкты

Аймак
01 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
53
Бул маалыматты район акиминин орун басары Айбек Кожошов тастыктады.
Анын айтымында, тынчтык митинг саат 12:00дөн 13:30 га чейин болду.
«Биз нааразы болгондор менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Завод өкүлдөрү менен да сүйлөштүк, алар 7-февралда нааразы болуп жаткан тарап менен дагы жолугушат», - деп билдирди акимдин орун басары.
Маалым болгондой, жаңыдан курулуп жаткан завод июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгап алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу