Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы Эшматов Адылбек Мурзуибраимович: “Ак иштеп, элимдин ак батасын алсам деген тилек менен жүрөм”

Аймак
01 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
32
-Төөлөс айыл өкмөтүнө  башчы болуп шайланганымда, ар кимден ар кандай кеп уктум. Сага карызы көп айыл өкмөттүн эмне кереги бар? Ишиң жакшы эле, бизнесиң да бар. Бюджети аз, проблемасы көп өкмөттө иштейм деп жүрүп, оорукчал болосуң  дешти. Мындайды укканда эч ким  сүйүнбөйт, көңүлүңө ар кандай ойлор келет, бирок, чындап иштеген адамдын жаман болгонун көрө элекмин дедим да, бардык кыйынчылыкты жеңүүгө бел байладым. Жумушка отурарым менен өкмөттүн имаратынын алды жагын  ажырык каптап, чөп басып кеткен экен, ага таман таш бастырып, айлана-тегерегин иретке келтирдик. Биздин айыл өкмөттө эң көйгөйлүү маселе-таза суу маселеси. Бизде таза  суу жок. КРнын  Премьер-министрине  таза суу чыгаруу боюнча долбоорду киргиздик. Өкмөттүн имаратынын артында  иче турган  таза суу алуу үчүн кун сайын 40-50 литрлик бачокторду алып келген кош бойлуу аялдарды, арабага жүктөп бараткан жаш балдарды, челектеп ташууга аргасыз болгон кары адамдарды көргөнүмдө зээним кейийт. Кээ биринин машинеси бар, айрымдарынын кол арабасы, атка чеккен арабалары болсо, көпчүлүгүнүкү жок. Ошондуктан таза суу чыгаруу  маселесин  тез арада чечип алуу биз үчүн эң зарыл.
Союз кезинде Уркуя Салиева атындагы биздин колхозду эмгеги менен атак-даңкка жетишкен, легендарлуу райис Мамаюнусов Гайвалы аксакал 40 жыл башкарган. Союз маалында бул колхоз  эмгектеги  албан-албан ийгиликтери, жетишкендиктери менен ысмы белгилүү болгон. Азыркы айыл өкмөттүн алдындагы чоң жолду асфалттатып, жолдун жээгине арча, карагайларды  тиктирген, колхоздун алдындагы кичинекей бакчада жүзүм өстүрүп, айлана-тегерегин гүлзарга айланткан. Гайвалы аке сөрүгө топусун коюп койсо, райис өзүндө турбайбы деп,бир да киши ишин таштап, эки жакка басып кетпеген. Айтканын айткандай аткарткан өжөр, уюштургуч, сулуулукту баалаган( колхоздун борборун гүлдөткөн), чечкиндүү, иш десе ичкен ашын жерге койгон өтө мээнеткеч киши болгон. Гайвалы акеден  айылдын чоң-кичинесине чейин ыйбаа кылып, урматтап-сыйлап,ал кишинин сөзүн эч ким эки кылган эмес экен. Жакында райис отурган сөрүнү айылдагы кимдир бирөөдөн ( кудай жалгап, сакталып калыптыр, отунга иштелип кетпегенине кубандык) таптырып келип, тарыхтын эстелиги катары музейге койсокпу деп ойлоп турабыз.
Жаңы өкмөт болуп иштей баштаганымда, 20 күндөн кийин райондун жаңы акими Давранбек Маматалиевич эл менен жолугушууга Герен-Чаран айылына келди. Айылдыктар балдар бакчасы жок экенин айтышты. Быйыл 1-июнга карата балдар бакчасынын курулушун бүтүрүп, пайдаланууга бердик. Муркут айылында трансформатор жок экен, аны да чечип, 100 пайыз жабдуулары менен койдурдук. Жайылма айылында ФАПтын жетекчиси таза суу маселесин көтөрүп чыккан. Жайылмадагы  трансформаторду оңдоп, капиталдык ремонттон өткөргөндөн кийин электр тогунун жардамы менен таза суу бериле баштады. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентигинин  каржылык каражаты, жергиликтүү бюджеттин эсеби менен Жайылма орто мектебине 100 орундуу кошумча курулуштар курулду.Канторабыздын алдында илгери аксакалдардын чайканасы болгон экен.Ошол санжыралуу салтты кайрадан тикелейли деп турабыз. Эски мейманкананы буздуруп, документтерин даярдап, сметасын түздүрүп, аксакалдар үчүн чайкана куруп берүүнү чечтик. 2015-жылы  Айтамга айылындагы  спорт аянтынын курулушу бүтпөй, токтоп калган экен, ошону бүтүрүп,жаштардын машыгууларына шарт түздүк. Ошондой эле Герен-Чаран айылында 2013-жылы сметалык наркы 2млн. 87 миң сомду түзгөн спорттук зал курулган, бирок маты (күрөшүүчү килеми жок турган. Республикалык бюджеттен 7 миң америка долларына килемди алып келдик.
Иштейм деген киши аракет кыла берсе, берекет болоруна ишенем. Эң негизгиси эл менен тыгыз иштеп,элдин көйгөйүн убагында чечип, элди бириктирип  уюштура билсең, кандай иш болбосун бүтпөй койбойт. Төлөстүктөр өздөрүнүн кайсы бир маселеси менен келсе, чечип чыгарганга аракет кылам. Эгер  мыйзам чегинде чечилбесе, айтып түшүндүрөм, болот же болбойт деп ачык айтам. “Эртең кел”, ”бүрсүгүнү кел” деп тил эмизгенди жактырбайм. Аппартыбызда бардыгы болуп, 17 кызматкер эмгектенет. Ар ким өз учактогуна, жасаган ишине жоопкерчилик менен мамиле жасашын талап кылам. Тартип бар жерде, ийгилик да. биримдик да болот.
Биздин айыл өкмөттүн 22 миң калкы,10 айылыбыз бар. Жер участогун алууга  2800 киши кезекте турат. Жер транформацияланса, атуулдарыбызга үй куруу үчүн жер участогун беребиз деген үмүттөбүз. Айыл аймагында 13 кмден ашыгыраак аралыктагы ички жолдорубуздун абалы начар. Жакынкы жылдарда инвестиция тартып, ички булактарыбыздан пайдаланып, айылдан чыккан жеке ишкерлердин  демөөрчүлүгү жана  элдин салымына таянып, ички жолдорду капиталдык ремонттоодон өткөрүп алсак деген максатыбыз бар. Менин ниетим Төөлөс элин жакшылыкта башын бириктирип, туура жол менен ыйманга, биримдикке алып барсам, жакшылык-жамандыкта бирге болуп, ”Ырыс алды-ынтымак” дегендей, ынтымактуу  болсо деген оюм бар.
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу