Курс НБ на 24.05.2018 $68,3080 €80,1902

Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун Пахтабад айылынын чектешкен аймагында абал тынч

Аймак
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
93
Кыргызстандын Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сада айылы менен  Тажикстандын  Бобожон Гафуров районунун Пахтабад айылынын чектешкен аймагында  абал тынч.
Лейлек районунун Сада айылынан агып өткөн  Тажикстандын суу каналынын үстүнө коюлган контейнер алынып, ордуна жөө жүргүнчүлөр өтүүчү женил типтеги көпүруө курулду.
8-февральдагы кыргыз тажик чек арасындагы окуяга себеп болгон көпүрөгө байланыштуу маселе боюнча ошол эле күнү КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев менен  Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин торагасы Раджоббой Ахматзоода  телефон аркылуу сүйлөшкөн жана Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов окуя болгон жерге жетип барып, Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун акимименен жолугушкан. Натыйжада  көпүрө катары коюлган контейнер алынып, ордуна жаны көпүрө куруу боюнча макулдашышкан.
Учурда Сада айылына электр энергиясы берилген жана мындан ары да үзгүлтүксүз электр энергия берип туруу боюнча тажик тарап менен  макулдашылды. Учурда облустук жетекчилик менен Ош Электро ишканасынын жетекчилигинин аракети менен Сада айылын көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылуу аракеттери ишке ашууда.  Жакынкы аралыкта таза суу линиясын тартуу жумуштары да аяктоо алдында.
Ушул жана башка маселелер боюнча Ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев Лейлек районунун активи менен жолугушуп, жергиликтүү жетекчилерге бир топ тапшырмаларды берди.
Чолпон Бердикулова, Баткен облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.