Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Таза суу - өмүр булагы

Аймак
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
906
Кара-Буура районунун Бейшеке айыл аймагындагы Кара-Буура айылына таза суу  келди. Аталган айыл эли үчүн таза суу илгертен өтө чоң көйгөйдү жаратып келген.  1936-жылы отурукташкан айылга таза суу 2007-жылдары эле киргизилген. Бирок, 90 метр терендиктен чыккан суу атайын мотор менен иштеп, ал тез эле бузулуп калып, айлап-жылдап суу чыкпай элеттиктерди убарага салган. Ага бир топ каражат жумшалары белгилүү. Андыктан айыл эли Чырканак капчыгайындагы тоо булагынан суу тартып келүү демилгесин көтөрүшкөн. Демилгени депутаттардын айылдык кеңеши менен айыл өкмөтү  колдоого алган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпысы 10 млн. 200 миң сом жумшалган. Анын турмушка ашырылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Жумабеков жакындан жардам көрсөткон. Ал эми райондун аймагында иштеп жаткан “Вертекс Голд” ЖЧКсы 2 млн. сом каражат  калаган. Иш айыл эли тарабынан ашар жолу менен аткарылган.
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.