Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Таластын 114 жаштагы тургуну У.Орозалиевага президенттин белеги тапшырылды

Аймак
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
542
Талас облусунун эң улуу тургуну Уулбү Орозалиева быйыл 114 жашка толду. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн колхоздо саанчы болуп иштеп, мал багып, эгин оруп, чөп жыйноо менен өткөргөнүн Turmush басылмасынын кабарчысы жазып чыкты. Ал учурда Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында небересинин төрүндө бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан кези.
1-октябрь — Карылар күнүнө карата өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев президент А.Атамбаев тарабынан берилген 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай белекти жана жергиликтүү бийликтин атынан азык-түлүк тапшырды.
Маалыматка ылайык, учурда Талас облусунун аймагында 100 жаштан ашкан 18 карыя, 70 жыл чогуу жашаган 13 үй-бүлө жана 27 миң 308 пенсия курагындагы жарандар жашайт.
1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө байланыштуу А.Атамбаевдин буйругу менен Кыргызстандын 100 жаштан ашкан 238 жаранына 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүү үчүн 2 млн 380 миң сом бөлүндү.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.