Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Таластыктар –Таразда (фото)

Аймак
02 - Март 2018
www.erkintoo.kg
254
Кечээ, 1-март күнү, КР Өкмөтүнүн Талас облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева  жетектеген  делегация  Казак Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарында болушту. Талас облусунун делегациясын  Жамбыл облусунун, Тараз шаарынын жана  Жамбыл облустук  улуттар аралык ассамблеясынын жетекчиликтери тосуп алышты.
  Талас облусундагы  казак, өзбек, орус   диаспораларынын өкүлдөрүнөн  жана  маданият тармактарынын жетекчилеринен турган  таластык делегация  1-март-Казак Республикасынын  Ыраазычылык күнүнө арналган иш-чараларга  катышты. Казак боордоштордун бул майрамы  улуттар аралык бир туугандык, достук майрамы болуп саналат. 
 Таластыктар Эл достугу   ассамблеясы, облустук тарых музейи,  Керей, Жаныбек хандардын эстеликтери, Айша бүбүнүн күмбөзү менен таанышышып, боордош элдин улуттардын  биримдигин жана ынтымагын чыңдап, өркүндөп, өсүп жатышканына  ыраазы болуп кайтышты.
Талас облусунун делегациясында болгон  облустук «Талас турмушу» гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов  Казак Республикасында улуттар аралык  ынтымакты, достукту чыңдоо, бекемдөө боюнча жасалып жаткан иштер чоң таасир калтыргандыгын белгиледи.
     Жамбыл облусунда 60тан ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.