Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Таластык дыйкандар Маймак станциясындагы пунктка кант кызылчасын тапшырышууда

Аймак
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
523
Кайыңды кант заводунун Талас облусундагы өкүлү Ашыркул уулу Мухамеддин айтымында дыйкандар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кант кызылчасын тапшыруу накталай акчага, тоннасы 3450 сомдон, ошондой эле 76 кг кумшекерге бааланган. Маалым болгондой кумшекер кант кызылчасы иштетилгенден кийин бериле турган болсо, ал эми нак акчага өткөрүп жаткан дыйкандар үчүн жеринде ар бир тоннасына алдын ала аванс иретинде 1700 сомдон берилүүдө. Белгилей кетсек быйылкы жылы облус боюнча  500 гектар жерге аталган өсүмдүк өстүрүлгөн. Кант кызылчасын негизинен Манас районунун дыйкандары көбүрөөк эгишкен.
Облус жетекчиси Д.Кенекеев быйылкы жылы дыйкандар кант кызылчасынын мол түшүмүн өстүрүп, жакшы киреше алып жатышкандыгын белгилеп, андыктан келерки жылы аны өстүрүүнү каалаган дыйкан-фермерлердин саны көбөйөт деген оюн айтты.
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.