Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Таластан чыккан таасын таланттардын урматына арналды

Аймак
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
785
       20-декабрда Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйын залында  Жеңижоктон баштап Чубак Сатаевге чейинки Таластан чыккан таасын таланттардын жаркын элесине арналган «Эл ичи-өнөр кенчи» кароо сынагынын  гала-концерти өткөрүлдү.  Анда эки күнгө созулган кароо сынактын жеңүүчүлөрү өнөрлөрүн тартуулашты. Гала-концерт салт катары  төкмө акындардын алым сабак куттуктоо ыры менен башталды. Алардын артынан жаш манасчылар улуу дастандан үзүндүлөрдү айтышты. Ыр , бий, күү жаңырып,  сахнага чыккан таланттарды көрүүчүлөр  шатырата кол чаап сүрөп жатышты.
     Талас шаардык мэриясынын алдында уюштурулган элдик аспаптар оркестринин коштоосунда элдик ырлар жаңырды. Дизайнер Кундуз Жумаеванын  «Замандар жаңырыгы» этнокийимдер коллекциясы кызыгууну жаратты. Бүткүл  дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнун ачууда  «Маш ботойду» чертишкен миң комузчунун арасында   таластык 92 комузчу катышкан. Мына ошол таланттардын бир тобу гала-концертте  «Маш ботойду» чертип беришти.
      КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев жыйынтыктоо сөзүн сүйлөп, КР Президенти тарабынан жарыяланган Тарых жана маданият жылында республикада жана Талас облусунда аткарылган иш чараларга токтолуп,  элдин рухун өстүрүүдө маданиятты өркүндөтүүнүн  зор маанисин баса белгилеп айтып,  Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун  ачылыш аземинде   миң комузчунун арасында өнөрүн тартуулашкан таластык комузчулардын ар бирине   Президент Алмазбек Атамбаевдин «Ыраазылык катын»   тапшырды.
      Айтыш, манасчылык, дастанчылык, элдик ырлар, эстрада ырлары, элдик аспаптарда ойноо, бий өнөрү боюнча 1-2-3- орундарды ээлеген таланттарга Дипломдор, төш белгилер жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле таланттарга демөөрчүлөр тарабынан  акчалай сыйлыктар берилди. Улуттук маданий мурастарды насыйкаттоодогу эмгеги үчүн бир катар кызматкерлер КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты.
     Тарых жана маданият жылынын алкагындагы «Эл ичи-өнөр кенчи» кароо сынагын уюштуруудагы эмгеги үчүн Капар Медетбеков атындагы Талас драмалык театрынын директору Кубан Эстебесовго «Талас облусунун чыгаан атуулу» наамы ыйгарылды. Бүткүл дүйнөлүк экинчи  көчмөндөр оюнуна Таластык таланттардын жана спорт чеберлеринин катышуусун уюштуруудагы эмгеги үчүн КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов, «Эл ичи –өнөр кенчи» кароо сынагын уюштуруудагы эмгеги үчүн   КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басары Азият Жаркыналиева төш белги менен сыйланышты.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.