Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

Таласта жаштар арасында жылдын мыктылары аныкталды

Аймак
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
572
Талас шаарындагы “Кырк-Чоро” кино театрынын чоң залында “Жылдын мыктысы-2016” номинацияларын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Салтанатка КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, орун басары Азият Жаркыналиева, КРнын Өкмөтүнө караштуу  Жаштар иштери,  дене-тарбия жана спорт  боюнча мамлекеттик агенттигинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы М.Бейшебаев катышты. Конкурс жаштардын иштерин стимулдаштыруу, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон жаштарды башка жаштарга үлгү катары  көрсөтүү, мамлекеттик жаштар саясатын иш жүзүнө ашырууга багытталды.
   Өндүрүштө жана коомдук турмушта эмгеги менен айырмаланышкан жаштарга “Мыкты окуучу-2016”, “Мыкты судент-2016”, “Мыкты медициналык кызматкер-2016”, “Мыкты милиционер-2016”, “Мыкты мамлекеттик кызматкер-2016”, “Мыкты муниципиалдык кызматкер-2016”, “Мыкты спортчу-2016”, “Мыкты маданият кызматкери-2016”, “Мыкты журналист-2016”, “Мыкты офицер-2016”, “Мыкты мугалим-2016”, “Жаштар уюмунун мыкты жетекчиси-2016”, “Мыкты ыктыярчы-2016”, “Мыкты байланыш компаниясы-2016”, “Мыкты фермер-2016”, “Мыкты жаш ишкер-2016”, “Мыкты жаш депутат-2016”, “Мыкты жаш үй-бүлө-2016” номинациялары тапшырылды.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.