Курс НБ на 16.08.2018 $69,4905 €78,7084

Таласта Nissan Cefiro менен Honda Stepwgn кагышып, бир айдоочу каза тапты

Аймак
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
136

Талас районунда Nissan Cefiro менен Honda Stepwgn кагышып, жеңил унаанын айдоочусу каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 10-февраль күнү кечинде болгон. Көз жумган айдоочунун 32 жашта экени аныкталды. Эки унаадагы жабыркаган төрт адам Талас облустук ооруканага жеткирилген.

Ошол эле күнү Аксынын Кербен шаарында милиционер айдап келе жаткан унаа жолдон тайгаланып, жол боюндагы төрт мугалим аялды сүзүп кеткен. Кырсыктан 30 жаштагы эки мугалим каза таап, дагы биринин абалы учурда оор экени айтылууда. Маркумдардын артында төрт бала калды.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.