Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Таласта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү уланууда

Аймак
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
453
     Облуста  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана  кишилерге  жардам берүүнүн бир айлыгы жарыяланган. Мекемелер, ишканалар, уюмдар, кайрымдуулук иштерин жасоого дилгир адамдар тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана кишилерге материалдык жардамдарды берип,  моралдык колдоолорду көрсөтүү иштери уланууда.  Мына ушул максатта 7-декабрда Манас районунун Маданият үйүндө  өткөрүлгөн иш-чарада  райондук администрация, ишкана, мекеме, уюмдар, «Бакубат Талас» кайрымдуулук фондусу  аялуу адамдарга акчалай жардамдарды, баалуу белектерди тартуулашты. Райондук балдардын билимин өркүндөтүү борборунун тарбиялануучулары өнөрлөрүн тартуулашты.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.