Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Таласта болгон селдин себептери аныкталды

Аймак
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
45
КР ӨКМнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда сел өтүүчү каналды жырып, таза өткөрүлүп, кайра селканалы жабылган эмес. Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагында 2018-жылдын 11-июнь күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайды сел суулары жарып, Ак-Жар айылында 11 турак үйдүн короо сарайларын, 8 га 80 сотык айдоо жерлерди каптап, каналдын 75 метр аралыгын суу жеп кеткен.
Кара-Буура райондук жарандык коргонуу комиссиясы 12-июнь күнү тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Комиссия тактаган маалыматта Ак-Жар айылынын түштүк тарабындагы сел өткөрүүчү каналдан айылга таза суу өткөрүү үчүн Султанкул, Чотон жана Субаналиев көчөлөрүнүн тушунан казылган жерлер толук деңгээлде бекитилбей, ошол жерлерди сел суулары жырып кеткен. Райондук жарандык коргонуу комиссиясынын тактоо иштеринин жыйынтыгы боюнча, селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары райондук суу чарба башкармалыгына жана Аманбаев айыл өкмөтүнө жүктөлгөн. Ал эми келтирилген материалдык чыгым 108080 сомду түзгөн.
Жазгүл  Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу