Курс НБ на 19.12.2018 $69,8317 €79,3952

Таласта балык уулаганы кеткен аялдын денесин суу жээктен табышты

Аймак
19 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
200
Талас шаарында балык уулоо максатында Талас суусуна кеткен аялдын жансыз денеси табылды. ӨКМдин маалыматы боюнча, Талас шаарынын 1956-жылы туулган тургуну В.М. 17-февраль күнү саат 14:00 чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.
Аны издөө иштерине 18-февраль күнү саат 08:55 чамасында ӨКМдин №17 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 12 куткаруучусу, РИИБдин 7 кызматкери жана туугандары чыгып кетишкен. Алар аялдын денеси саат 09:50дө Талас суусунун жээгинен табылганын маалымдашты.
Кийинчерээк ӨКМ аталган аял балык уулап жүргөндө жүрөк оорусу кармап калып каза болгондугун тактады. Анын жүрөгү ооруп калып, сууга чөгүп кеткен. Каза болгон аял буга чейин күндө түшкү саат 14:00дөн кечки саат 20:00 чамасына чейин балык уулоочу. Каза болгон күнү да балык уулоочу жабдыктарын алып үйүнөн чыгып кеткен. Саат түнкү 22:00дөр чамасында аны үй-бүлөсү издей баштаган. Түндөгү издөө иштеринен жыйынтык чыкпай, эртеси эртең менен Талас суусунун Загазерно аймагынан жансыз денеси табылды.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.