Курс НБ на 26.02.2021 $84,7500 €102,9628

Таласта балаты майрамы башталды
Таластын мектептеринде балдардын көптөн күткөн Балаты майрамы башталды. Аяз аталар, Аяз кыздар Жаңы жылдык куттук сөздөрүн айтышып, окуучуларга белектерин тартуулашууда.
Ал эми А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйын залында өткөрүлгөн Талас шаардык мэриясынын Балаты майрамына мектептин алдыңкы окуучулары жана социалдык коргоого алынган балдар чакырылды. Жалпысынан 140 балага Балаты майрамында ыр, бий менен кошо таттуулар таратылды.
Талас райондук мамлекеттик акимчилигинин «Алтын балаты» деп аталган майрамына мектептерден 80 алдыңкы окуучулар чакырылып, куттук сөздөрдү угушуп, белектерди алышты.
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек