Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Таласта “Ак илбирс” фестивалы өттү

Аймак
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
740
Жакында Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде “Ак илбирс” фестивалы болуп өттү. Фестивалга  республикабыздын булуң-бурчунан өкүлдөр келишти. Тажикстандын Мургаб районунан кыргыз боордошторубуз катышышты. Фестивалдын катышуучуларын КРнын Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Жаркыналиева Азият куттуктады.
      Фестивалдын демилгечиси “Рурал девелопмент фанд” (РДФ) коммерциялык эмес коомдук фондунун өкүлү, координатор Күлүйпа Акматова Ак илбирс боюнча долбоордун натыйжаларын тааныштырды. Кыргызстанда ак илбирсти сактоо жана анын жердеген чөйрөсүн жакшыртуу долбоордун максаты экендигине токтолду.
Долбоорго Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң Кемин жана Талас облусунун Талас районундагы Калба айыл аймактарынын жергиликтүү жамааттары, “Кыргыз эл акыл казына” жайыткерлик тармагы, “Чоң-Кемин” жана “Беш-Таш” жаратылыш парктары катышкан. Ал эми Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын уюштуруучулар тобу менен Талас облусундагы “Айкөл” атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борбору бул долбоордун шериктештеринен болуп саналат.
      Чоң-Кеминдин Шабдан орто мектебинин окуучулары Ак илбирстин жашоосу тууралу сценка коюшту. Долбоордун ишмердүүлүгү тууралу фотокөргөзмө көрсөтүлүп, салттуу билимдерди, маданиятты жана тиричиликти жергиликтүү сактоочулардын узчулук буюмдарынын, көчмөн ашканасынын, дары өсүмдүктөрүнүн жарманкеси уюштурулду. Долбоордун кызматкерлери, жергиликтүү мобилизаторлор, окуучулар топторунун кураторлору Талас шаарынын мэриясынын имаратында тегерек стол өткөрүштү. Долбоордун координатору К.Акматова Ак илбирс боюнча долбоордун натыйжалары менен тааныштырды. Тегерек столдо “Бал-Бал”  жана Шабдан орто мектептеринин окуучулары “Ак илбирс” лагеринин чакан долбоордук идеялары менен отургандарды тааныштырышты.
      Фестивалдын катышуучулары Мургабдан келген коноктор менен бирге алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Шекердеги музейин барып көрүштү жана ыйык жай  Манас Ата комплексине барып зыярат кылып кайтышты.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.