Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Таласта 34 директор иштен кетүүгө арыз берген

Аймак
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
423
Директорлордун жумуштан кетүүгө арыз жазганын “Азаттык”  радиосуна Талас райондук жана шаардык билим берүү борборунун башчысы Байыш Керимбаев билдирген. Анын маалыматына караганда,  директорлор өздөрү жазган арыздын негизинде иштен алынды. Маалыматка караганда, бүгүндөн тартып директорлук милдетти окуу тарбия иштери боюнча орун басарлар аткара баштаган. 24-октябрь күнү Талас райондук билим берүү мекемелеринин 34 жетекчиси депутат Гүлкан Молдобековага жолугуу үчүн борборго  келишкен. Алар райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеваны иштен бошотууга депутат айымдын тиешеси бар жок экендигин  жана мектептердеги көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөшкөнүн айтышкан. Райондук жетекчилик муну мыйзамсыз деп эсептеп, прокуратурага кайрылган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.