Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназия 60 жылдыгын белгиледи

Аймак
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
621
Талас шаарындагы В.И. Ленин атындагы мектеп 1956-жылы  окуучуларга эшигин ачкан. Шаардын коомчулугу жакында мектептин 60 жылдыгын белгиледи. Бул жылдардын аралыгында мектептин  директору болуп Н.Л. Барвенко, Б.М.Карбашов, Н.Н. Салиева, И.А.Малиева, Л. Л.Вольф иштешип, окуучуларга билим тарбия берүүнүн сапатын жогорулатууда кыйла иштерди аткарышкан.
         Стыценко Тамара Иосифовна, Руднева Валентина Николаевна, Пасечник Светлана Дмитриевна, Момуналиева Раиса Токторалиевна сыяктуу мугалимдер мектепте 30 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келатышат.
        Мектепте көп жылдардан бери Германиядан келишкен мугалимдер иштешип, окуучуларга немец тилин үйрөтүүгө көп эмгек сиңиришти. Ушул тапта №3 мектеп гимназиянын 13 окуучусу Германиянын ЖОЖдорунда окуп жатышат.
          2013-жылдан бери мектепти Алмагүл Кожокеева  жетектейт. Талас шаарындагы алдыңкы мугалимдердин бири катары таанымал болуп келген А.Кожокеева  педагогикалык жамааттын чыгармачылык жигерин арттырууга, ата-энелер менен биргелешип иштөөнү жандандырууга өзгөчө көңүл буруп, мектептин  материалдык-техникалык  жана окуу-методикалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурду. Бүгүн мектепте  50 мугалим эмгектенет, анын  12си билим берүүнүн отличниктери. Мектепте билим алып жатышкан  973 окуучунун  54ү - отличник, 278и - ударник.
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.