Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Талас районунун Үсөнбек Өмүралиев айыл аймагында арбын иштер аткарылууда

Аймак
08 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
184
Талас районундагы Үсөнбек Өмүралиеа атындагы айыл аймагынын башчысы  Эдилов Талант Расабекович  Эдилов  өткөн 2017-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыктары боюнча Талас районундагы «Мыкты айыл аймак башчысы» болуп таанылды.
Аталган айыл аймагында 2017- жылы бюджеттин киреше бөлүгү 4320800,0 сомго же 101,4%ке аткарылды. Манас айылын  таза суу менен камсыздоо максатында, жергиликтүү бюджеттен 60 миң сом бөлүнүп, элдик салым 88 миң сомду түзүп, бул каражаттарга айылдан 3 км алыстыктагы  булактын  0, 50 га аянты курчоого  алынып, хлоратыр  курулду. Чат-Базар айылынын жаъы конуштарына таза суу алып келүүгө «Бакубат Талас»  фондусуна  долбоорлор жазылып, бөлүнгөн 205 000 сом каражатка 3,5 км аралыктан  суу түтүгү тартып келинип ишке берилди.  Аталган айылдын ички көчөлөрүнө суу түтүгүн тартууга «Бакубат Талас» фондусунан 250 000 сом бөлүнүп, ага тийиштүү материалдар сатып алынды. 
 Айыл аймагында  жумасында эки жолу тиричиликтик таштандыларды МАЗ автоунаасы менен ташып чыгаруу уюштурулган. Бул үчүн ар бир турак үйдөн 30 сомдон төлөм алынат.
Сугат суусун натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо үчүн суу каналдарына  14 шлюз орнотулган.
 Манас айылындагы турак-жайларга сел каптоо коркунучун алдын алуу үчүн суу каналдарынын 90 метр аралыгында айыл аймагынын кол тийгис акча каражатынын эсебинен механикалык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.  
Айыл аймагында айыл келбетин жакшыртуу, жарыктандыруу, билим, тарбия берүү, маданият тармактарын өнүктүрүү, социалдык аялуу үй-бүлөлөрдүн бутуна турушуна көмөктөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер арбын.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.