Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Талас районунун Өмүралиев айыл аймагына караштуу Аксай айылына жеке ишкер Дамира Молдоярова түнкү жарыктарды орнотууга жардам берди

Аймак
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1207
 Борбор калаабыз Бишкек шаарында “Кызыл Ордо” базарында чоң ишкерлик менен алектенип келген Д. Молдоярова   көп жылдардан бери өз айылына, өз элине колдон келген жардамдарын берип, айыл аксакалдарынын, жалпы журттун ак батасын алып келүүдө. Дамира Молдоярованын жеке жардамы менен мындан үч жыл алдын Аксай айылында 100 орундуу бала бакчанын имараты сатылып алынып, ал керектүү жыгач эмеректер, жылуу килем, паластар менен жабдылып, жалпысынан 2 млн. сомдон ашык акча каражаты жумшалып, бала бакча азыркы күндө  иштеп келүүдө.
         Мындан тышкары Дамира Молдоярованын жеке көмөгү менен Манас айылынын “Чалыбай булак” конушуна баруучу 5 км. жол оңдолуп, ар жылы күзгө маал 40 социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөргө ун, май, кант жана башка азык-түлүктөрдөн колдоолор көрсөтүлүп, Ак-Сай айылына 500 миң сомдук насостук скважина орнотулуп берилген.
         Жакында Ак-Сай айылына түнкү жарыктарды орнотуу үчүн Дамира эжебиз жеке каражатынын эсебинен 84 электр мамыларына түнкү жарык берүүчү чырактарды орнотуп, жалпы узундугу 170 метр болгон 40 трубаларды алып, 4,5 км жетүүчү электр зымдарын тарттырып берүүгө жардам көрсөттү. Буга кеткен чыгымдар 500 миң сомдон ашат. Мындан тышкары Дамира Молдоярова жаңы жыл алдында 96 балага жаңы жылдык белектерди алып берген. Айыл элине ушундай чоң жардамдарды көрсөтүп жаткан Молдоярова Дамирага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас обусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев   жалпы Талас элинин жана өзүнүн атынан терең ыраазылык билдирди.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу  


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.