Курс НБ на 03.06.2020 $73,4726 €82,3665

Талас районундагы 34 мектеп, бала–бакча жетекчилери иштен бошотулду

Аймак
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
590
2016–жылдан 24–октябрында саат 12лер чамасында Талас районундагы 34 мектеп жана бала-бакча жетекчилери Бишкек шаарында КР ЖКнын имаратынын алдында митинг жасашкан.
         Талас райондук мамлекеттик администрациясы  коллегиясында ишти карап, мектеп директорлорунун жана бала-бакча башчыларынын жумуш убактысында иш ордунда болбой, эмгек тартибин бузуу фактылары боюнча мыйзам чегинде тактап берүү боюнча прокуратурага сунуштаган.
         Райондук прокуратура жогорудагы факты боюнча юридикалык баа берип, натыйжада Талас аймактык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Керимбаевдин буйругу менен мектеп директорлору, бала-бакча башчылары иштен бошотулду. Байыш Керимбаев үч жетекчи медициналык бюллетенде болгондуктан,  ишке чыккан соң алардын маселеси да чечилээрин кошумчалады. Анын айтымында алардын баары өз арыздарын жазып беришкен.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.