Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Талас облусундагын «Альянс Алтындын» алгылыктуу аракеттери

Аймак
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
719
Талас облусундагы “Жерүй” кенин иштетүү шыбагасы  2015-жылы биринчи жолу теле аркылуу түз эфирде өткөрүлгөн ачык сынактын негизинде “ Альянс Алтын ” компаниясына туш келди. Кен иштетүүгө лицензия  Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агентиги тарабынан 2015-жылдын 28-августунда берилген.
Кенди иштетүүгө алаарда лицензия үчүн Кыргыз Өкмөтүнө 100 миллион доллар төлөдү. Анын 170 миллион сому Талас облусуна, 170 миллион сому Талас районуна, 170 миллион  сом “Жерүй” кени  жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. 2015-2016-жылдын эсебинен  компания алтын өндүрүү процеси баштала электе эле, Талас районунун бюджетине 400 млн. 652 миң 342 сом салык катары, 6 млн. 621 миң 135 сом соцфондго төлөп берди. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса,  бул суммалар дагы 10 эселеп көбөйөт. Талас областынын аймагында  миңдеген жаңы ишканалар ачылып, жумушчу орундары түзүлөт.  
      Компания төлөгөн төлөмдүн эсебинен кыргыз жергесинде, анын ичинде Талас облусунда бир топ жакшы самаалыктар болду. КР Президентинин тапшырмасы менен 2016-жылдын эсебинен аталган каражатка 100 жаңы орто мектеп салуу пландалса, алардын алды курулуп бүтүп ишке берилди. Дагы  алты орто мектептин  курулушу жүрүп жатат.
    Облустагы бир катар айылдарда айыл чарба техникалары сатылып алынып, анын негизинде Талас районунда 4 МТС ишке кирди. Талас облусунун социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү максатында “Альянс Алтын” ишканасы “Бакубат Талас өнүктүрүү” фондусун ачып, “Кыргызстан” коммерциялык банкы аркылуу 8 пайыздык үстөк менен 70 млн. сомдук жаңы жумушчу орундарын түзүүчү, айыл-чарбасын өнүктүрүүчү долбоорлор каржыланды. Ушул  фонд аркылуу областын баардык аймактарынан өкүлдөрдөн турган  Байкоочу кеңештин чечими менен 30 млн. сом  социалдык багыттагы көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалууда.
Жыл ичинде 11 айыл өкмөтү 38 долбоор жазып, анын негизинде каржылана башташты. Жалпысынан 128 миллион сомдук долбоор тендерге коюлду.  Долбоорлор негизинен спорт комплекстерин, көпүрөлөрдү куруу, жолдорду оңдоо жаатына багытталгандыктан, 2017-жылы Талас жергеси дагы жакшырат.  Айылдарда спорт комлекстеринин көбөйүүсү менен жаштардын спортко кызыгуусу артат.  
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.