Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Талас облусунда жол коопсуздугун камсыздоонун кадамдары башталды

Аймак
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
443
КР ИИМнин Талас облустук башкармалыгын Түштүк  Корея өлкөсүнөн келген өкүлдөр заманбап жабдуулар менен камсыз кылмай болушту.  Жалпысынан 15- 30 миллион АКШ долларынын өлчөмүндөгү  бул  долбородун каражатын Корея тарап каржыламакчы.  Аны жол эрежелерин бузуулардан өндүрүлгөн акчалай айыптардын 51 пайызын алып туруу менен кайтарып алмакчы.
     Келишимге ылайык жол бойлоруна  автомашиналардын ылдамдыктарын,  жолдун кесилиштериндеги «зебраларда» жолдо жүрүүнүн эрежелеринин сакталышын  карегине илип ала турган радарлар коюлмакчы. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоочу бирдиктүү маалымат борбору ишке киргизилет. Андан айдоочулар  автожолдордогу абалдар боюнча маалыматтарды ала алышмакчы.
  Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.