Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

Такси кызматы жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт

Аймак
14 - Май 2019
www.erkintoo.kg
22
Рамазан айында Нарын облустук казыяты тарабынан уюштурулган Рамазан такси кызматы эми Нарын шаарынын тургундарына бир ай бою акысыз кызмат көрсөтмөкчү. Рамазан такси кызматында Нарын шаарынын тургундары жана казыят кызматкерлери иш алып барышып,  өз ыктыярлары жана  жеке унаалары менен жүргүнчүлөрдү ташышат. “Бул кызмат Рамазан айы ичинде жүргүнчүлөрдү акысыз ташып, кызмат көрсөтүшөт. Рамазан айынын урматына карата жүргүнчүлөрдүн бара турган жерлерине акысыз жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралды”,-деди казыяттын маалымат катчысы Шабдан Белеков.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу