Курс НБ на 22.10.2018 $69,3319 €79,8391

Сузакта «Жигули» каналга кулап, айдоочу каза болду

Аймак
06 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
154
Сузак районунда жол кырсыктан улам айдоочу каза болду. Бул маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка караганда, жол кырсык 4-февраль күнү түшкү саат 12:00 чамасында катталган. Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Дөш айылынын 45 жаштагы тургуну Т.К. «Жигули» үлгүсүндөгү унаасы менен айылда түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, чарбалык ички жолдо башкарууну жоготкон. Анын кесепетинен унаа каналга түшүп кеткен. Айдоочу алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Бул окуя кылмыш каттоо китепчесине жол кырсыгы катары катталган.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.