Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Сузакта абал кооптуу

Аймак
10 - Март 2017
www.erkintoo.kg
410
Сузак районунун Таш-Булак айылында жер көчкү кайрадан жанданып, 30дан ашуун үйгө кооптуу абал жаралды. Айылдын түштүк тарабындагы жарда 1-мартта жер көчкү 2 метрдей жылган. ӨКМден билдиришкендей, көчкүнүн көлөмү болжолдуу 20 миллион метр кубду түзөт.  Жаан-чачын болгон сайын көчкү коркунучу көбөйүп барат.Адам өлүмүнө жеткирбөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги 38 кожолук коопсуз жайга көчүү керектигин айткан. Бирок кооптуу аймактагы жашоочулар буга чейинки эскертүүлөргө карабай, конуш алмаштырбай келишет. 
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.