Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

Сузак районунун Акчалуу жана Алмалуу-Булак айылдарынын жашоочуларына көчкү жүрүү коркунучу жаралды (Фоторепортаж)

Аймак
11 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
807
     Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Акчалуу жана Алмалуу-Булак айылдарынын жашоочуларына  көчкү жүрүү коркунучу жаралгандыгына байланыштуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери менен райондук жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандырып жатышат. КРнын ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаментинин башкы адиси Тойчубек Изабеков баса белгилеп кеткендей узундугу 1,5 км. келген Ачы аймагынын адырындагы жаракалар акырындап кеңейип, көчкү жүрүү коопсуздугу жаралып олтурат. Ушул тапта Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу жана Алмалуу-Булак айылдарындагы 143 турак-жайлар жана андагы жашоочулар  көчкү жүрүү коркунучу бар өтө кооптуу аймактарга кирип олтурат.
    Кече, 10-январда  Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов, Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстанбек Асанов, ӨКМдин адистери Ачы аймагындагы жергиликтүү эл менен жолугушуп, аларды тез арада коопсуз аймактарга көчүп чыгып, жакындары менен тууган-уруктарына убактылуу баш калкалап туруулары  боюнча жеринде кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жалпы жонунан бул аймактагы 300 үй-бүлөгө өткөн жылы райондон 35 га жер аянты ажыратылып, турак-жай салуулары үчүн жер участоктору ажыратылып берилген. Ушул айылдардан 143 үй-бүлө көчүрүлүшү керек болсо анын ичинен 37 үй-бүлө гана турак-жайларын бузуп, коопсуз жерлерге көчүп чыгып кетишкен. Калгандары мал жандыктарын кармоо менен дале көчпөй кооптуу аймакта жашап келе жатышат.
    - Урматтуу Ачы аймагынын жашоочулары, быйыл кыш айы жылуу жана жаан-чачындуу келип, жер тоңгону жок. Анын кесепетинен кыш айларында жер көчкү жүрүү аймактарында көчкүлөр кыймылга келе баштады. Сузактын Жалгыз-Жаңгак айылында көлөмү 40 млн. куб метр келген жер көчкү күн сайын акырындап жылып жатат. Ал аймактан 16 үй-бүлөнү шашылыш түрдө тез арада көчүрүү аракетин баштадык. Кырсык эч качан айттырып келбейт. Ошондуктан биздин адистер атайын изилдөө мониторинг иштерин жүргүзгөндөн кийин көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардагы элдерди тез арада көчүрүү зарылдыгын аныкташты. Андыктан абалды туура түшүнүп, балдарыбыз менен жакындарыбыздын өмүрүн  тобокелге салбай тез арада жакындарыбыз менен тууган-уруктарыбыздыкына көчүп чыгуубуз керек. Мамлекетибизде элдин өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок,- деди КРнын ӨКМнин областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов.
    Көчкү жүрүү коркунучу туулган айылдардын жашоочулары менен болгон жолугушууда Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев, Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстанбек Асанов элди тез аранын ичинде коопсуз жайларга көчүп чыгуу зарылдыгы туурасында элге түшүнүк беришти.
    - Өлкөбүздүн башчыларына жана жергиликтүү бийликте иштеп жатышкан жетекчилерибизге биз абдан ыраазыбыз. Бизге жер участокторун бөлүп беришти. Элге ар тараптуу камкордуктар менен колдоолор такай көрсөтүлүп жатат. Биз дагы эми учурдагы кооптуу кырдаалды туура кабыл алып, элибизди коопсуз жайларга тез аранын ичинде көчүрүп чыгаруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз,- деди Акчалуу айылынын 77 жаштагы кадырман аксакалы Бурканбек ажы Ибраимов.
     Өткөн жылы Алмалуу айылында жүргөн жер көчкү  бир өспүрүмдү басып калган. Учурда Сузак району боюнча 19300 жаш үй-бүлөлөр өзүмдүк турак жай салуу үчүн арыз  менен кайрылышкан.
    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.