Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Суусамырлык Ж.Тажидинов эки карышкырды тирүүлөй кармады

Аймак
15 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
122
Суусамырлык мергенчи Жанболот Тажидинов Сарала-Саз жайлоосунун аймагында жүргөн 7 карышкырдын экөөсүн капкан салып кармады. Бул тууралуу Ж.Тажидинов өзү билдирди деп жазды Турмуш.
Мергенчинин аңчылык кылып жүргөнүнө 10 жылдай болуп калган.
«Азыр карышкыр күч алып, элдин малына кол салып жатат. Жакында эле Сарала-Саз жайлоосунун аймагында жүргөн 7 карышкырдын экөөсүн капкан менен тирүүлөй кармап алдым. Сандык жайлоосунда да 3 карышкыр жүрчү эле. Бирок жер кара болуп, карды бороон учуруп, ал карышкырларды ата албай калдым. Бир кышта 2-3 карышкыр кармайм. Көп жылдан бери аңчылык кылып, карышкыр атуу хоббим болуп калды.
Бир жылдары биздин аймактагы жалгыз карышкырды алтымыштай адам кубалап ата албай калышкан. Мындан улам аны «миллионер» деп атап койгон элек. Азыр ал карышкыр картайып, жок болуп кетти», - деди ал.
Жанболот Тажидинов кармаган карышкырларды баасы туура келип калса сатып жатканын кошумчалады.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.